Казакстандын борборунда Astana AI Film Festival өттү

Казакстандын борборунда Astana AI Film Festival өттү

Казакстандын Президенти Astana AI Film Festival эл аралык кинофестивалынын ачылыш салтанатына катышты. Касым-Жомарт Токаев бул жасалма интеллект колдонулган тасмалардын биринчи эл аралык сынак экенин белгиледи. Анын айтымында, бул уникалдуу долбоор – өлкөдөгү креативдүү индустрия тармагынын тез өнүгүп жатканынын жаркын көрүнүшү. Казакстан бул багытта бирдиктүү экосистема түзүү үчүн конкреттүү чараларды көрүп жатат. Ошондой эле таланттуу жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Астананын борборунда мындай глобалдык масштабдагы иш-чаранын өтүшү кокустук эмес. Казакстан - жаштардын өлкөсү, элибиздин орточо жашы - 33 жаш. Мен Казакстандын жаштарын билимге умтулган, жаңычылдыкка дилгир, мыкты ойчул жарандар деп эсептейм. Бул сынактын аркасында катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат деп ишенем.

Жалпы Astana AI Film Festival-ына дүйнөнүн 125 өлкөсүнөн 8 миңден ашык арыз келип түштү. Сынакка АКШ, Индия, Кытай, Түштүк Корея, Улуу Британия, Индонезия, Жапония, Бразилия, Франция жана башка өлкөлөрдүн жарандары өздөрүнүн эмгектерин жөнөтүштү. Касым-Жомарт Токаев ушул учурда калыстар тобунун курамында дүйнөгө белгилүү искусство жана технология тармактарынын адистери бар экенин өзгөчө белгиледи. Президент бул долбоор таланттуу жана максаттуу жандарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берип, дүйнөлүк креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Азыркы учурда чакан чыгармачыл жамааттар чоң студиялар менен атаандаша алышат. Чыгармачыл адамдар жана тартуу топтору үчүн тасма тартууда продюсердик компаниялардын эшигин каккылап, демөөрчү издөөнүн кереги жок. Рынокко чыгуу жолу бир топ жеңилдеди. Бул бир жагынан атаандаштыкты арттырып, экинчи жагынан таланттуу адамдардын өздөрүн таанытуусуна мүмкүнчүлүк берет. Бул оң өзгөрүүлөрдү чыгармачыл коомчулукту бириктирүү жолунда натыйжалуу пайдаланышыбыз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков