Сүт-товар фермалары, күнөсканалар жана айыл чарбасын санариптештирүү үчүн заманбап технологиялар. Астанада өткөн «KazAgro/Farm-2026» эл аралык көргөзмөсүндө 25 өлкөдөн 300дөн ашык компаниялар өздөрүнүн иштеп чыгууларын тааныштырды. Үзгүлтүксүз катышуучуларга Нидерланддан келген компаниялар кирди, алар мал чарбасы үчүн жабдууларды, генетикадагы жетишкендиктерди жана заманбап мал чарба системаларын сунушташат. Нидерланддык бизнес да жаңы өнөктөштөрдү табууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.
Эки өлкөнүн кызматташтыгы конкреттүү натыйжаларды берип жатат. Казакстанда нидерланддык селекциядагы өсүмдүктөрдүн 410дон ашык сорттору жана гибриддери катталган, дагы 53ү сыноодон өтүүдө. Ошондой эле тараптар сүт-товар фермаларын санариптештирүү жана пилоттук долбоор боюнча меморандумга кол коюшту. Өткөн аптада Казакстандын делегациясы Нидерландиянын илимий борборлоруна, күнөсканаларына жана балык чарбаларына тажрыйба алмашуу үчүн барган. Нидерланддык адистер өлкөнүн базарынын дараметин жана казакстандык компаниялардын жаңы чечимдерди ишке ашырууга даярдыгын белгилешти.
Мириам Букестейн, «Dutch Greenhouse Delta» компаниясынын башкы мүдүрү:
– Биз багбанчылык тармагындагы ишканаларды, мамлекеттик органдарды жана окуу жайларды бириктиребиз. Биздин максат - жергиликтүү жана туруктуу тамак-аш, гүл жана өсүмдүктөр өндүрүшүн түзүү. Багбанчылык тармагында Нидерланды менен Казакстандын ортосунда көпүрө кургубуз келет.
Йелле Ван Горсел, «East – West Trade» компаниясынын долбоорлор боюнча менеджери:
– Биз Казакстанда өнүгүүгө болгон умтулууну көрүп жатабыз. Аларда жаңы чечимдерди ишке ашыруу жана өндүрүмдүүлүктү туруктуу жогорулатуу үчүн ресурстар, каалоо ошонжой эле мотивация бар. Ал эми Нидерланды инновацияларга бай уникалдуу өлкө.
Өз ара кызыкчылык соода көрсөткүчтөрүндө да чагылдырылат. Өткөн жылы Казакстандын Нидерландыга айыл чарба экспорту 2,5 эсеге өскөн. Айыл чарба товар жүгүртүүсү үчтөн бирге өсүп, 135,5 миллион долларды түздү. Ички экспорт дээрлик 50 миллион долларга жетти. Бул позитивдүү тенденция быйыл да уланууда. Биринчи сегиз айда өз ара сооданын көлөмү 109 миллион долларга жакындады. Казакстан өз өнүмдөрүнүн Европа рыногунда болушун кеңейтүүнү көздөп жатат.
Мартейн Вейтенс, Нидерландиянын айыл чарба министрлигинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы:
– Биз казакстандык кесиптештерибиз менен иш жүзүндө айыл чарба экономикасынын бардык тармактарын талкуулайбыз. Ошондой эле биз абдан кызыктуу– айыл чарбасын санариптештирүү багытында бара жатабыз. Албетте, бул баарыбыз үчүн олуттуу маселе.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

