Чет өлкөдөгү казакстандыктар Курултайга шайлоодо добуш берүүдө

Чет өлкөдөгү казакстандыктар Курултайга шайлоодо добуш берүүдө

Курултай шайлоосуна добуш берүү Казакстандын сыртында да жүрүп жатат. Чет өлкөлөрдө биринчи болуп 26 шайлоо участкасы ачылды. Астана убактысы боюнча түнкү саат үчтө Жапонияда жана Түштүк Кореяда добуш берүү башталды. Андан кийин аларга Кытай, Сингапур, Малайзия жана Монголия кошулду. Таңкы саат бештен баштап Индонезия, Таиланд жана Вьетнамда участкалар ачылды. Дагы бир сааттан кийин Орусияда жана Кыргызстанда добуш берүү башталды, ал эми 6:30да - Индияда.


Алишер Азимбаев, Цукуба университетинин «Мамлекеттик саясат» адистиги боюнча студенти:


– Мен бул шайлоого бий - сот жана мамлекеттик ишмер катары келдим. Ошентип, казак элинин тарыхый салттарынын Казакстандын жаш муундарынын азыркы умтулуулары менен байланышын баса белгилегим келет. Биз мамлекетте болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө ишенебиз жана ага активдүү катышууга даярбыз.


Татьяна Жигалкина, Казакстандын жараны:


– Биз Улинь Гунфу эл аралык фестивалына катышуу үчүн Сиань шаарына келдик. Биз Тайцзицюань кытай согуш өнөрлөрү менен алектенебиз, жана бул фестивалдын датасы Курултай шайлоосунун датасы менен дал келди. Биз добуш берүү үчүн Башкы консулдукка келгенибизге кубанычтабыз.¤


Ерболат Ахмедьяров, «Астана Опера» мамлекеттик театрынын дирижеру:


– Бүгүн Курултайга шайлоо күнү. Мен бул окуя өлкө үчүн өтө маанилүү деп эсептейм жана добуш берүү менен жарандык милдетимди аткарып жатам. Азыр биз Монголиядабыз биринчи жолу чет өлкөдө, Казакстандын элчилигинде добуш берип жатабыз.


Казакстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде 61 өлкөдө 79 шайлоо участогу түзүлгөн. Чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине 11 миңден ашуун жаран киргизилген. Орусияда мекендештерибиз беш шаарда: Москва, Санкт-Петербург, Астрахань, Омск жана Казанда добуш бере алышат. Германияда жана Түркияда төрттөн, АКШда жана Кытайда үчтөн, Беларусь, Сауд Аравиясы жана БАЭда экиден шайлоо участогу иштейт.

Которгон: Назира Бегалиева