Алматыда эки ири жасалма интеллект жана IT-бизнес өнүктүрүү борбору ачылат. Бул жерде окутуу, илимий иштеп чыгуулар жана стартаптарды колдоо бириктирилет. Биринчи долбоор - Almaty AI Hub - анын алкагында 9,5 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген имарат реконструкцияланат. Анда ЖИ мектеби, коворкинг, стартаптар үчүн кеңселер, конференц-зоналар жана робототехника аянтчасы ачылат. Экинчи комплекс - Almaty AI Park жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана сыноо аянтчасы болот. Анын курамында IT тармагы үчүн адистерди даярдай турган лабораториялар жана университет каралган. Биринчи бөлүгүн 2027-жылдын бештин айында, экинчисин бир жылдан кийин ишке киргизүү пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

