Бүркүт - көк асмандын кырааны

Бүркүт - көк асмандын кырааны

Бүркүт менен аңчылык кылуу — Улуу талаанын байыркы салты. Ал көптөгөн муундар бою атадан балага өтүп келет. Жырткыч кушту колго үйрөтүп, аңчылыкка даярдоо үчүн өзгөчө билим жана тажрыйба талап кылынат. Ал эми бүркүт менен анын ээси ортосундагы байланыш жылдар бою калыптанат.

Бул чыгарылышта Чыгыш Казакстандан келген бүркүтчү үй-бүлө менен таанышып, бүркүттү кантип тандап, колго үйрөтүп, аңчылыкка даярдашарын билесиздер. Куш ээсинин үнүн телефон аркылуу да тааный алабы? Бүркүттүн жашы кантип аныкталат жана эмне үчүн аны он эки жашында кайра жаратылышка коё берүү салтка айланган? Ошондой эле бүркүтчүлүктү жаш муун кантип өздөштүрүп, үй-бүлөлүк салтты улантып жатканын көрсөтөбүз.