Арал деңизи. Табият жазган тагдыр

Арал деңизи. Табият жазган тагдыр

Кезинде Арал деңизи дүйнөдөгү эң ири төрт көлдүн катарына кирип, бүтүндөй аймактын жашоосунда маанилүү роль ойногон. Бирок Амударья менен Сырдарьянын суусун сугат иштерине кеңири пайдалануу деңиздин тездик менен тартылышына алып келип, адам баласы жараткан эң ири экологиялык кырсыктардын бирине айланган.

Бул программада Арал деңизи эмне себептен тартыла баштаганын жана анын кесепеттери кандай болгонун айтып беребиз. Көк-Арал дамбасы Кичи Аралды сактап калууга кандай жардам берди? Куурап калган деңиз түбүнө саксаул эмне үчүн отургузулууда жана суунун кайра кайтышы балык чарбасына кандай таасир берди?

Ошондой эле Түндүк Аралды калыбына келтирүү боюнча долбоорлор, Сырдарьянын суусун сарамжалдуу пайдалануу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы суу дипломатиясы эмне үчүн деңиздин келечегин аныктоочу негизги шарттардын бирине айланып жатканы тууралуу сөз кылабыз.