Казакстанда марал багуунун тарыхы дээрлик эки кылымдан бери уланып келет. Бүгүнкү күндө маралдар атайын чарбаларда багылат. Ал эми алардын жаш мүйүздөрү — панта деп аталат – ар кандай өнүмдөрдү өндүрүүдө колдонулат.
Бул чыгарылыштан марал багуучу чарбанын иши кандай уюштурулганын, жаныбарларга кантип кам көрүлөрүн, панта кантип алынарын жана кайра иштетилерин көрөсүздөр. Маралдын мүйүзү канчалык тез өсөт жана эмне үчүн аны белгилүү бир мезгилде гана кыркып алышат? Ошондой эле маралдардын көбөйүшү жана төлдөрүн өстүрүү, кышкы рациону, жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, марал багуунун туризм тармагынын бир бөлүгүнө айланып баратканы тууралуу айтып беребиз.

