Сайгак — муз доорунан, мамонттор жашаган мезгилден бери сакталып калган талаанын байыркы жаныбары. 2003-жылы Казакстанда сайгактардын саны 21 миңдин тегерегинде болсо, 2026-жылдагы эсепке алуу боюнча алардын саны 4 миллион 689 миңге жеткен.
Бул чыгарылыштан сайгактын талаа шарттарына кантип ыңгайлашканын, өзгөчө түзүлүштөгү тумшугу кандай кызмат аткарарын, ошондой эле миграциясы жана төлдөө мезгили кандай өтөрүн биле аласыздар.
Жоголуп кетүү коркунучуна кептелген сайгактардын санын кантип калыбына келтирүүгө мүмкүн болду? Жолдор, темир жолдор жана чек ара тосмолору сайгактардын бир жайыттан экинчи жайытка көчүшүнө кандай тоскоолдук жаратууда?
Ошондой эле сайгактардын санынын көбөйүшү менен кандай жаңы көйгөйлөр жаралганын жана бүгүнкү күндө бул түрдү сактоо менен адамдын кызыкчылыктарынын ортосунда тең салмактуулукту табуу эмне үчүн өзгөчө маанилүү экенин айтып беребиз.

