Илбирстер адамдарга кол салбайт деген чынбы?

Илбирстер адамдарга кол салбайт деген чынбы?

Ак илбирс - Борбордук Азиянын бийик тоолуу аймагындагы сейрек кездешүүчү жана жашыруун жырткычтардын бири. 2025-жылдагы эсептөөлөргө ылайык, бүгүнкү күндө бул жерде 150-180ге жакын кар илбирси бар.

Бул программадан ак илбирстин бийик тоолуу шартка кантип ыңгайлашканын, кантип аң уулай турганын жана эмне үчүн адамдардын көзүнө сейрек илинерин биле аласыздар. Окумуштуулар менен инспекторлор фотокапкандардын жана GPS-мониторингдин жардамы менен ак илбирсти кантип изилдешерин, ал эми фотографтар аны жапайы жаратылышта сүрөткө тартууга кандай аракет кылышарын көрсөтөбүз. Ошондой эле туризмдин өнүгүшү, урбанизация жана жаныбарлардын миграциялык жолдорунун бузулушу ак илбирстин жашоо чөйрөсүнө кандай таасир этерин жана бул сейрек кездешүүчү түрдү сактап калуу үчүн бүгүнкү күндө кандай иштер жүргүзүлүп жатканын айтып беребиз.