Бүгүн
Казакстанда алгачкы жолу Казак тайган
күнү белгиленип жатат. Ушул убакка чейин бул улуттук ит породасы элдин ишенимдүү шериги болуп келген
жана бүгүнкү күндө маданий мурастын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Казакстандын
Президенти аталган тукумду
сактап калууга жана эл аралык деңгээлде жайылтууга өзгөчө көңүл бурат. Мамлекет
башчысынын кеңешчиси – басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдиргендей,
Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен бул багытта чоң системалуу иштер
аткарылды. Казак породаларын
сактоо, көбөйтүү боюнча мыйзам кабыл алынды. Казакстан Эл аралык кинология
федерациясынын толук укуктуу мүчөсү болуп, 2024-жылы тайган эл аралык деңгээлде алдын ала
таанылып, Казакстан расмий түрдө породанын келип чыккан өлкөсү катары
бекитилди. Атактуу казак тайганын
жайылтуу үчүн да учурда көп иштер жасалууда. Мисалы, Брюсселде «Шамалдан тез –
тайган»
аттуу фотокөргөзмө өтүп жатат. Экспозицияда талаа аңчы иттеринин тарыхын, тукумдун
сырткы өзгөчөлүктөрүн жана салттуу аңчылыктагы ролун баяндаган сүрөттөр
коюлган. Буга чейин мындай көргөзмөлөр Финляндияда, Түркияда жана Эстонияда
өткөн. Брюсселдеги иш-чарага Эл аралык кинология федерациясынын аткаруучу мүдүрү жана Брюсселдин шаар бийлигинин өкүлдөрү
катышууда.
Абзал
Досыман, «Nomad» улуттук аңчылык
клубунун
коомдук фондунун мүчөсү:
– Европа өлкөлөрүндө казак тайганына болгон кызыгуу абдан
жогору экенин көрүп турабыз. Мисалы,
бул жерде Брюсселде аталган иш-чарага катышууну каалагандар көп. Эл аралык
кинология федерациясынын аткаруучу мүдүрү да атайын көргөзмөгө катышуу үчүн
келди.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

