Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Падыша Филипп жана Ханыша Матильда менен бирге Астанадагы Улуттук балдарды реабилитациялоо борборуна барышты. Жогорку конокторго заманбап ыкмалар жана роботтоштурулган технологиялар балдарга кыймылдоо жана баарлашуу жөндөмдөрүн калыбына келтирүүгө, сүйлөо жөндөмүн өнүктүрүүгө жана көзкарандысыз болууга кандай жардам берери көрсөтүлдү. Падыша Филипп жана Ханыша Матильда кичинекей бейтаптар, алардын ата-энелери жана медициналык кызматкерлер менен баарлашып, интерактивдүү программага катышышты. Сапардын соңунда алар Ардактуу коноктор китебине кол коюп кетишти. Белгилей кетсек, борбордо жыл сайын Казакстандын булуң-бурчунан 5 миңден ашуун бала реабилитациядан өтөт. Бейтаптардын арасында нерв системасынын оор дарттарынан, балдардын мээсинин жабыркашы жана аутизм спектринин бузулушунан жапа чеккен балдар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

