Е.Карин: Жаңы магистраль Казакстандын мүмкүнчүлүктөрүн бир нече эсеге арттырат

Е.Карин: Жаңы магистраль Казакстандын мүмкүнчүлүктөрүн бир нече эсеге арттырат

«Бейнеу – Саксаулск» автоунаа жолунун курулушу Казакстандын транспорттук мүмкүнчүлүгүн бекемдөөдөгү маанилүү кадам болот. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Ерлан Карин социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал Президент Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда стратегиялык жол долбоорлорунун курулушунун башталышын тарыхый окуя деп атап, мамлекет башчысы бул жолду куруу зарылдыгын 2021-жылы Актауда өткөн жыйында көтөргөнүн эске салды. Жаңы түз каттам Маңгыстау облусу менен өлкөнүн түштүк жана борбордук аймактарынын ортосундагы байланыштарды кыйла жеңилдетет. Ерлан Кариндин айтымында, жаңы автоунаа жолу облустар аралык гана эмес, жалпы аймактык жана трансконтиненталдык мааниге да ээ. Ошондуктан Президент ага Арал–Каспий магистралы деген аталышты берүүнү сунуштады.

Ерлан Карин, Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары:

– Мурда Казакстандагы негизги магистралдардын басымдуу бөлүгү түштүктөн түндүккө карай курулуп келген. Темир жолдор да, автоунаа жолдору дал ушундай багытта салынган. Ал эми бүгүн Мамлекет башчысы өлкөнүн транспорттук системасын түп-тамырынан өзгөртүп, аймактарды туурасынан байланыштырган жолдорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Которгон: Назира Бегалиева