Өскеменде « Хроникадан келечекке » кинолекторийи өттү

Өскеменде « Хроникадан келечекке » кинолекторийи өттү

«Республикалык кинолекторий «Хроникадан келечекке», Президенттин Телерадиокомплексинин 30 жылдыгына арналган, өлкө боюнча саякатын улантууда. Бул жолу ал Өскеменде өттү. Көрүүчүлөргө Казакстандын адамдары, тарыхы жана азыркы жашоосу тууралуу эң мыкты даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Эң чоң кызыгууну «Кулалы аралынын адамы» тасмасы жаратты. Ал Каспий деңизинин кичинекей аралында 30 жылдан ашык жашап жана иштеп келе жаткан гидрометеостанциянын башчысы Петр Лупенков жөнүндө баяндайт. Тасманы көргөндөн кийин Чыгыш Казакстан техникалык университети Президенттин Телерадиокомплексинин Документалдуу кино борбору менен кызматташтыкты жолго коюу демилгесин көтөрдү. ЖОЖдо студенттер үчүн мындай кино көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз өткөрүүнү пландашууда. Программада биринчилерден болуп «Кулалы аралынын адамы» тасмасын көрсөтүүнү ниеттенүүдө – бул кесипке берилгендик, жоопкерчилик жана өз ишине жан-дилин бергендиктин тарыхы болуп саналат. 


Сауле Рахметуллина, Техникалык университеттин ректору:


– Биз студенттерибиз бул чыныгы, иштеп жаткан адам экенин, анын мотивациясын, кантип ушул нерсеге келгенин түшүнүшү үчүн кандайдыр бир өз ара аракеттенүүнү каалайбыз. Бул чындыгында абдан маанилүү.


Эльдар Толеубеков, Өскемен шаарынын тургуну:


– Бүгүн жаштар ийгиликти биринчи кезекте материалдык байлык менен байланыштырат. Бул толугу менен түшүнүктүү. Бирок, өз кесибин таап, ондогон жылдар бою чынчыл жана жан аябас эмгекке арнаган адамдар чыныгы баатырлар бойдон калганын көрсөтүү да аз эмес. Дал ушул адамдар - биздин замандын баатырлары, алардан үлгү алышыбыз керек жана алар жаңы муундарды шыктандырат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков