Казакстандын экономикасында IT-сектору эң тез өнүгүп жаткан багыттардын бири болуп калды. Ата мекендик санариптик өнүмдөрү дүйнөлүк рынокторго активдүү чыгууда. Өлкө мамлекет башчысынын 2026-жылга чейин IT-кызматтардын экспортун 1 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасын мөөнөтүнөн мурда аткарды. Өткөн жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 100 миллиондон ашты. Жалпысынан, акыркы беш жылда казакстандык IT-өнүмдөрдүн экспорту 34 эсеге өстү.
Жолдас Саханов, Казакстан Республикасынын Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигинин Санариптик активдер жана алдыңкы технологиялар комитетинин төрагасы:
– Бүгүн Ата мекендик санариптик чечимдер дүйнөнүн 111 өлкөсүнө экспорттолот. Негизги багыттары - АКШ, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азия. Экспорттон түшкөн киреше чет өлкөлүк санариптик чечимдерди импорттоого кеткен чыгымдардан 2,5 эседен ашык ашты, алар 429 миллион долларды түздү. Astana Hub катышуучуларынын экспорту гана 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 634 миллион долларга жетти. Өнүмдөрдү чет өлкөлүк рынокко 537 компания жеткирет.
Казакстанда санариптик долбоорлорду өнүктүргөн компанияларга салык жеңилдиктери, заманбап инфраструктура жана атайын колдоо программалары жеткиликтүү. Алардын катарында Google for Startups менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Silkway Accelerator бар. Казакстандын кийинки максаты - 2029-жылга чейин IT кызматтарынын экспортун 2 миллиард долларга жеткирүү.
Жансая Калыбекова, Astana Hub катышуучуларын каттоо кеңсесинин мүдүрү:
– Негизги экспорт багыттарына оюн индустриясы, бизнести автоматташтыруу, билим берүү жана каржылык технологиялар кирет. Мисалы, казакстандык Python RPA компаниясы күнүмдүк жумуш процесстерин автоматташтыруу боюнча чечимдерди сунуштайт. Анын өнүмдөрү дүйнөлүк рынокко чыгууда. Ошондой эле Finelo жана Coursiv өнүмдөрүн иштеп чыккан ZIMRAN компаниясы бар. Алар колдонуучуларга каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана жасалма интеллект менен иштөө көндүмдөрүн өздөштүрүүгө жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

