Астанада Казак-Оман бизнес-форуму өттү

Астанада Казак-Оман бизнес-форуму өттү

Омандын султаны Хайсам бен Тарик Аль Саиддин Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Астанада казак-оман бизнес-форуму өттү. Ага эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Форумда сөз сүйлөгөн Казакстандын президенти өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн келишимдик-укуктук жана институционалдык базаны бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев инвестицияларды өз ара коргоо жөнүндө келишимдин маанилүүлүгүнө токтолду. Аталган документ инвесторлор үчүн долбоорлорду ишке ашырууда кыйла алдын ала болжолдонгон, ачык-айкын жана ишенимдүү шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– «Самрук-Казына» акционердик коому менен Омандын Инвестициялар башкармалыгынын ортосунда биргелешкен инвестициялык түзүмдү ишке киргизүү жөнүндөгү келишимге кол коюлушун кубаттайбыз. Бул маанилүү демилге конкреттүү долбоорлорду каржылоо үчүн капиталды мобилизациялоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Омандын жаңыдан түзүлгөн Эл аралык каржы борбору менен кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз.

Мамлекет башчысы экономиканын негизги тармактарында биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун тажрыйбасын белгиледи. Энергетика, логистика жана тоо-кен тармагындагы өнөктөштүк буга чейин оң натыйжаларды берүүдө. Эки өлкөнүн бул багыттардагы мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү жаңы биргелешкен ишканаларды түзүүгө шарт түзөт. Президент транспорттук-логистикалык тармакта да кызматташуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Оманды биз стратегиялык географиялык жайгашуусу, өнүккөн порттук инфраструктурасы жана Жакынкы Чыгыш жана Африка рыноктарына чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен маанилүү транзиттик-логистикалык өнөктөш катары карайбыз. Өз кезегинде Казакстан олуттуу жаратылыш ресурстарына, өнүккөн өнөр жай базасына ээ жана Азия менен Европаны байланыштырган жаңы транспорттук каттамдарда стратегиялык орунду ээлейт. Ошондой эле транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү пландарыбыз бар.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды. Президент сөзүнүн соңунда азыркы негизги милдет — саясий деңгээлде жетишилген макулдашууларды конкреттүү мазмун менен толуктап, экономикалык байланыштарды казак-оман өнөктөштүгүнүн негизги таянычтарынын бирине айландыруу экенин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков