БУУнун серепчилери Казакстандын аялдардын укуктарын коргоодогу өнүгүүсүн белгилешти. Бул тууралуу Женевада өткөн Уюмдун комитетинин жыйынында айтылды, анда өлкө тиешелүү конвенциянын аткарылышы боюнча баяндамасын сунуштады. Талкуунун борборунда зомбулукка каршы күрөшүү чаралары, аялдардын чечим кабыл алууга катышуусун кеңейтүү жана алардын экономикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу болду. Айыл жергесинде жашаган аялдардын, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жана башка аялуу топтордун укуктарына өзгөчө көңүл бурулду. Казакстандагы үй-бүлө боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Снежанна Имашева белгилегендей, талкуу келечектеги иштердин багыттарын аныктоого мүмкүндүк берди.
Снежанна Имашева, Курултай депутаты:
– Алар Казакстанда аялдарга карата зомбулукка байланыштуу айрым кылмыштар үчүн жоопкерчилик киргизилип, кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери катаалдаштырылганынан кабардар. Алар куугунтуктоо жана мажбурлап никеге туруу сыяктуу жаңы беренелерди киргизгенибизди кубатташты. Комиссия өзүнүн артыкчылыктарын абдан так белгилейт. Ал кайсы багыттарда көбүрөөк күч-аракет жумшап, кошумча чараларды көрүү, жаңы мыйзамдарды жана программаларды кабыл алуу же стратегиялык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын аныктоого жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

