Бүгүн Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан Элдик Кеңешинин алгачкы сессиясынын ишине катышты. Мамлекет башчысы жаңы консультативдик органга жогорку квалификациялуу адистер, өлкөдө чоң ишенимге ээ болгон жана мекенчил позициясы менен таанылган жарандар киргенин баса белгиледи. Ал эми конституциялык макамы бар Элдик Кеңешинин Төрагалыгына Касым-Жомарт Токаев Ерлан Кошановдун талапкерлигин сунуштады. Президент анын мамлекеттик кызматтагы көп жылдык тажрыйбасын, Мажилистин Төрагасы болуп иштегенин, масштабдуу реформаларды ишке ашырууга катышкандыгын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Курултайдын биринчи жыйынында белгилеп кеткендей, масштабдуу өзгөрүүлөр мамлекеттик башкарууга чыгармачыл жана новатордук ой жүгүрткөн жарандарга жол ачты. Өлкөнүн кызыкчылыгына чынчылдык менен кызмат кылуу - бул чоң сыймык жана ыйык милдет. Элдик Кеңешинин ар бир мүчөсүнө өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт. Сиздер Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн тынымсыз эмгектенип, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө чоң салым кошосуздар деп ишенем. Активдүү позицияңар менен коомдогу биримдикти жана ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөсүздөр деп чын дилимден үмүттөнөм.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Ерлан Кошанов Казакстан Элдик Кеңешинин Төрагасы болуп шайланды. Ал эми эртеңки жыйында Президент жогорку кеңеш берүүчү органдын алдында турган милдеттерге токтолот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

