Казакстанда ишкердикти текшерүүгө жаңы мораторий киргизүү маселеси талкууланат

Казакстанда ишкердикти текшерүүгө жаңы мораторий киргизүү маселеси талкууланат

Казакстанда кийинки жылдан баштап чакан жана орто бизнести текшерүүгө үч жылдык мораторий киргизилиши мүмкүн. Жылдык кайрылуусунда Мамлекет башчысы Курултайдын депутаттарына жана Өкмөткө мурунку мораторийдин жыйынтыктарын талдап, сунуштарды даярдоону тапшырды. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Салык саясатын өркүндөтүүгө, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө чакан жана орто бизнестин жүгүн азайтууга көңүл бурду. Секторду колдоо боюнча сунушталган чаралар бизнес-коомчулуктун жана парламентарийдин өкүлдөрү тарабынан талкууланууда. Алардын айтымында, сунушталган чаралар өз убагында жана чакан жана орто бизнести колдоо үчүн натыйжалуу курал боло алат.

Олжас Нуралдинов, Курултай депутаты:

– Мен бир катар позитивдүү аспектилерди белгилеп кетким келет, аларды биз баса белгилейбиз – биринчи кезекте мораторий киргизүү жагынан чакан жана орто бизнести колдоо. Мөөнөтү белгилене элек болсо да, мамлекет башчы буга чейинки мораторийдин тажрыйбасын изилдеп, жеңилдиктер болорун, бул дагы иштин жүрүшүндө талкууланарын айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков