Казакстандын Президенти сегиз өлкөнүн: Египеттин, Швейцариянын, Эстониянын, Омандын, Венгриянын, Гвинея-Бисаунун, Нигериянын жана Даниянын элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Азем бүгүн Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында өттү.
Касым-Жомарт Токаев куттуктоо сөзүндө өлкөнүн тынчтыкты сүйгөн, тең салмактуу жана конструктивдүү тышкы саясатка берилгендигин баса белгиледи. Ал тынчсыз жана туруксуз дүйнөдө кызматташтыкты бекемдөө, диалогду сактоо маанилүү экенин белгиледи. Президент жаңы элчилерди Казакстандын мамлекеттик органдары өз ара аракеттенүүгө ачык жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенине ишендирди. Касым-Жомарт Токаев өлкө реформалар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулаарын баса белгиледи. Өз кезегинде дипломатиялык миссиялардын жаңы башчылары учурдагы байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

