К. Токаев билим берүү тармагы үчүн негизги милдеттерди белгиледи

К. Токаев билим берүү тармагы үчүн негизги милдеттерди белгиледи

Бүгүн Казакстандын Президенти мугалимдердин форумунда билим берүү тармагынын келечеги тууралуу сөз сүйлөдү. Касым-Жомарт Токаев анын өнүгүшүнө мамлекет өзгөчө көңүл буруп жатканын жана мындан ары да көңүл бура берерин баса белгиледи. Мисалы, акыркы 7 жылда бул тармакты каржылоо үч эсеге көбөйүп, 6,4 триллион теңгеге жетти. Акыркы беш жылда 1 миллион окуучуга ылайыкташтырылган 1100дөн ашуун мектеп курулду. Материалдык-техникалык база жаңыланды. Мындан тышкары, «Педагогдун статусу жөнүндө» атайын мыйзамдын жардамы менен мугалимдердин кадыр-баркы да бекемделди. Айтмакчы, бул көрсөткүч боюнча TALIS-2024 изилдөөсүндө Казакстан 2-орунду ээлейт. Ал эми мугалимдердин эмгек акысына болгон канааттануусу боюнча биздин өлкө дүйнөдөгү алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирет. Бирок дагы деле чечилиши керек болгон маселелер бар, деп кошумчалады Касым-Жормарт Токаев.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Өлкөдө дагы 5 миңден ашык мугалим жетишпейт. Бул калктын тынымсыз өсүшү жана жаңы мектептердин курулушунун жогорку темпи менен байланыштуу. Бул факторлор мугалимдерге болгон суроо-талапты жогорулатат. Бул маселе боюнча профилдик министрликтен жаңы ыкмаларды иштеп чыгууну күтөм. Мындан тышкары, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу керек. Жаш адистерди мектептерде жана бала бакчаларда практикалык ишке максималдуу ыңгайлаштырууга жардам берүүчү бирдиктүү системаны түзүү сунушу бар. Ал кылдат изилденип, зарыл болсо, киргизилиши керек.

Мамлекет башчысы орто билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүү маселесин да козгоду. Ал Өкмөткө жасалма интеллектти колдонуунун этикалык, укуктук жана уюштуруучулук жактарын эске алган бирдиктүү стандартты киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Президент таланттуу балдарга дем берүү үчүн кошумча чараларды көрүүнү тапшырды. Олимпиададагы ийгиликтер үчүн гана эмес, илимий долбоорлор конкурстарындагы жеңиштер үчүн да акчалай сыйлыктар берилет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Аяк оона айында  жасалма интеллект университетинин эшиктери ачылат, бирок бул жетишсиз. Өкмөт жаңы технологияларды өздөштүрүүдө Кытайдын чоң тажрыйбасын эске алуу менен Астанада Казакстан-Кытай жасалма интеллект мектебин ачуу маселесин иштеп чыгуусу керек.

Конференциянын алкагында Президент билим берүү тармагындагы көрүнүктүү жетишкендиктери жана өлкө алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн бир катар мугалимдерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев заманбап жасалма интеллект стартаптарына жана ата мекендик окуучулардын жетишкендиктерине арналган «Билим болашагы» көргөзмө аймагын кыдырды.

Которгон: Назира Бегалиева