Казакстан
менен Кытайдын ортосундагы мамилелер болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде.
Астана Бээжин
менен түбөлүк кеңири стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу бекемдөөгө, аны жаңы
мазмун менен толтуруп, кызматташтыктын жаңы горизонтторун ачууга даяр. Бул
тууралуу Казакстандын Президенти «Синьхуа» агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде
билдирди. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, өлкөлөрдү узун жалпы чек ара жана
көп кылымдык жакшы коңшулук тарых бириктирет. Анын айтымында, дал ушундай өз
ара мамилелер эки элдин кызыкчылыгына жооп берет жана бүткүл евразиялык
мейкиндикте тынчтыктын, туруктуулуктун маанилүү фактору болуп саналат.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
– Биздин
стратегиялык өнөктөштүгүбүз чындыгында эле кеңири мүнөзгө ээ болуп, соода,
инвестиция, энергетика жана транспорттон баштап өнөр жай кооперациясы, айыл
чарба, санариптештирүү, медицина, илим, маданият сыяктуу бардык негизги
чөйрөлөрдү камтыды. Кытай Казакстандын тышкы соода өнөктөштөрүнүн арасында
биринчи орунду ээлейт. Транспорт жана логистика стратегиялык багыттардын бири
болуп калды. Казакстан Чыгыш менен Батыштын ортосундагы табигый байланыштыруучу
звено болуп саналат. Кытайлык өнөктөштөр менен биргеликте биз бул географиялык
артыкчылыкты евразиялык масштабдагы заманбап транспорттук-логистикалык
инфраструктурага айландырып жатабыз.
Мындан тышкары, президенттин айтымында, Казакстан менен Кытайдын кызматташтыгынын технологиялык багыты өзгөчө мааниге ээ – бул жасалма интеллект, санариптик технологиялар, робототехника, жаңы энергия булактары жана жогорку технологиялуу өндүрүш чөйрөлөрүн камтыйт. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, эки өлкө эл аралык аренада да жигердүү өз ара аракеттенишип, БУУнун борбордук ролун чыңдоо, эл аралык укук принциптерин коргоо, медиацияны жана көп тараптуулукту жайылтуу, ошондой эле жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүү маселелеринде окшош позицияларды карманышат. Келерки жылы Казакстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 35 жыл толот. Бул мезгил ичинде эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы түз байланыштар да активдүү өнүккөн. Туризм өсүп, академиялык мобилдүүлүк жана университеттер аралык кызматташуу программалары кеңейүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

