Жетинин айынын 29унда Казакстанда маслихат депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Жетинин айынын 29унда Казакстанда маслихат депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Казакстандын Президенти бардык деңгээлдеги маслихаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Республиканын Конституциясынын 88-беренесинин 5-пунктуна ылайык, Касым-Жомарт Токаев бул маселе боюнча Премьер-министр жана Курултайдын Төрагасы менен кеңешме өткөрдү. Депутаттык корпусту жаңылоо жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдардын ишин күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Борбордук шайлоо комиссиясына бардык деңгээлдеги маслихаттардын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды. Ал эми бүгүн БШК билдиргендей, шайлоо жетинин айынын 19на белгиленди. Бекитилген календардык планга ылайык, талапкерлерди көрсөтүү тогуздун айынын 14дө башталат, ал эми шайлоо алдындагы үгүт иштери жетинин айынын 28 түн жарымында аяктайт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы бештин айынын 3нө чейин чыгарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков