Астана өнөр жай дареметин чыңдоодо

Астана өнөр жай дареметин чыңдоодо

Казакстан аркылуу темир жол транзити беш жылда 65% өскөн. Жакынкы жылдары өлкө дагы 5 миң чакырым темир жол курууну көздөйт. Тармактын кеңейиши инфраструктураны модернизациялоо жана өзүнүн унаа жасоо тармагын өнүктүрүү менен коштолот. Астанада магистралдык линиялар үчүн заманбап электровоздор чыгарылат. Бул Борбордук Азиядагы мындай профилдеги жалгыз завод. Ишкана 2012-жылдан бери француздук Alstom компаниясынын башкаруусунда иштеп келет. Бул убакыт аралыгында мында  Казакстан, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрү үчүн 450дөн ашык жүк жана жүргүнчү электровоздору чыгарылган. Эми завод мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатат. Астанада темир жол техникасын техникалык тейлөө жана капиталдык оңдоо борбору курулуп жатат. Аны 2027-жылы ишке киргизүү пландалууда.


Жером Бойе, Alstom компаниясынын Батыш жана Борбордук Азия боюнча башкаруучу мүдүрү:


– Бүгүн биз кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, негизинен ар кандай кырдаалдарды алдын ала анализдөө жана бузулууларды, көйгөйлөрдү алдын алуу жаатында автоматташтырууну жана жасалма интеллектке негизделген ишмердүүлүктү өнүктүрүп жатабыз, бул КТЖ жана бардык кардарларыбыз үчүн үзгүлтүксүз иштөөнү жана коопсуздукту камсыз кылат. Дал ушуну Казакстанда өнүктүрүп жатабыз.


Астананын өнөр жай экспортунун көлөмү быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында 2 миллиард доллардан ашып, дээрлик үчтөн бирге өскөндүгүн белгилей кетүү керек. Мындай динамика атайын экономикалык зоналардын жана индустриалдык парктардын ишинин натыйжасы. Биринчи борбордо 103 долбоор ишке ашырылып, дагы 42 жаңы долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Бул демилгелерге жалпы инвестициянын көлөмү 74 миллиард теңгени түзөт. Ал эми ири бизнестин суроо-талабы өсүүдө. Ага ылайык, Астанада жаңы тармактык индустриалдык зоналар пайда болот. Инвесторлор үчүн ал жерде атайын колдоо чаралары каралат.


Сабит Мухамеджан уулу, «Astana Invest» борборунун Башкарма төрагасынын орун басары:


– Атайын экономикалык зоналар жөнүндөгү Мыйзамга ылайык шыктандыруу чаралары колдонулат жана ишке ашырылат. Мындан тышкары, жер тилкелери мамлекет, атап айтканда, акимиат тарабынан берилет. Астананын өнөр жай дараметин №2 индустриалдык парк, ошондой эле логистикалык парк жана агроөнөр жай зонасын өнүктүрүү аркылуу мындан ары арттыруу пландары каралган. Бул долбоорлорду ишке ашыруу жакынкы эки-үч жылга пландаштырылган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков