Astana Ai Film Festival: 125 өлкөдөн 8 миңден ашуун тасма катталды

Astana Ai Film Festival: 125 өлкөдөн 8 миңден ашуун тасма катталды

Казакстандын борборунда өтүүчү Astana AI Film Festivalде 125 өлкөдөн 8 миңден ашык тасма сыйлыктар үчүн ат салышат. Сынак фантастикадан жана анимациядан баштап драма ошондой эле комедияга чейин 19 жанрды камтыйт. Тасмалардын узактыгы да ар түрдүү. Бир жарым мүнөттүк роликтер да, төрт сааттан ашкан тасмалар да бар. Бардык эмгектердин жалпы хронометражы 100 миң мүнөттөн ашты. Эң көп арыздар АКШ, Казакстан, Индия, Кытай жана Түштүк Кореядан келген. Тасмалардын 40%дан ашыгын сынактын башкы темасы — «Жашоого татыктуу келечек» бириктирет. Эмгектерин жаратуу үчүн жаш режиссёрлор, көз карандысыз топтор жана AI-креативдик индустриянын адистери 80ден ашык генеративдик моделдерди колдонушкан. Алардын арасында Suno AI, Kling, GPT Image жана ElevenLabs бар. Учурда уюштуруучулар мыкты эмгектерди тандап жатышат. Ал эми тогуздун айында финалисттердин тасмалары Астанадагы кинотеатрлардын биринде биринчи жолу чоң экранда көрүүчүлөргө сунушталат.


Алмас Жали, AAIFFтин негиздөөчүсү жана мүдүрлөр кеңешинин төрагасы:


–  Биздин негизги максаттарыбыздын бири – бул бүт өлкөбүздү ушундай жол менен даңазалоо. Астананы жана өлкөбүздү дүйнөдөгү алдыңкы ЖИ өлкөлөрүнүн тизмесине киргизүү. Башкача айтканда, Мамлекет башчысы, өзүңүздөргө белгилүү 2026-жылды жасалма интеллект жылы деп жарыялады. Жалпысынан өлкөдө жасалма интеллектке байланыштуу мындай жаратмандык маанай өкүм сүрүп жатат, ошондуктан демилгелерибизди алдыга жылдыруу биз үчүн бир топ жеңил болду. Astana AI Film Fest – бул башталышы гана. Биз жасалма интеллект жаатында, бирок башка тармактарда дагы көптөгөн сынактарды пландап жатабыз.


Астана AI кинофестивалынын байге фонду 2 миллион долларга чейин көбөйдү. Биринчи миллионду сынактын жеңүүчүлөрү алышат. Дагы ушунча сумманы ишкер жана инвестор Баладжи Сринивасан келечектүү AI командаларын колдоого багыттады. Каржылоо авторлорго Казакстандан туруп эле тасмалардын үстүндө иштөөнү жана долбоорлорун өнүктүрүүнү улантууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн башкы шарт - Astana Hub'ка каттоо. Инвестор эмне үчүн өлкөдө заманбап киноиндустрия үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрөрүн айтып берди.


Баладжи Сринивасан, инвестор /АКШ/:


–  Казакстанда электр энергиясына болгон чыгымдар дүйнөдөгү эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири, ал жерде жасалма интеллект, криптовалюталар активдүү өнүгүп жатат, республика квалификациялуу адистерди тартууга ачык. Бул биринчи кезекте интернетке багытталган жана Президент Токаев айткандай, дүйнөнүн алдыңкы санариптик мамлекеттеринин бири болууга умтулган өлкө. Мурунку кино өндүрүшү үчүн зарыл болгон бардык инфраструктура артта калууда. Менин оюмча интернетке негизделген жаңы муундагы Голливуд дал ушундай көрүнүшү мүмкүн.


Которгон: Илгиз Жамалбеков