Астанада бизнес үчүн AI-навигатор тааныштырылды

Астанада бизнес үчүн AI-навигатор тааныштырылды

Жасалма интеллект казакстандык ишкерлерге мыйзамдардын бардык талаптарын түшүнүүгө жардам берет. Астанада пилоттук долбоор – Бизнес үчүн милдеттүү талаптардын реестри сунушталды. Улуттук экономика министрлиги тарабынан иштелип чыккан уникалдуу система, ар кандай мыйзамдардан, кодекстерден, токтомдордон жана мекемелик буйруктардан алынган ченемдерди бир платформага чогултуп, аларды талдайт. Ишкерге платформага юридикалык жактын каттоо номерин, ишмердүүлүгүнүн тармагын же түрүн көрсөтүү жетиштүү. Андан кийин сервис автоматтык түрдө жеке профилди түзүп, кандай уруксаттар керектигин, кайсы талаптарды сактоо зарыл экенин жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн аныктайт. Ошол эле учурда, жасалма интеллект тапкан ар бир ченем, реестрге кошуудан мурун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерилет. Система мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү байкап, кайталанган же карама-каршы келген талаптарды аныктайт. Келечекте платформанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каалоосу бар. Улуттук экономика министрлиги жасалма интеллект ишкерлердин суроолоруна жооп бербестен, алардын ишмердүүлүгүн тереңирээк талдап чыгышы керек деп ишенет.

Бекболат Молдабеков, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика вице-министри:

– Биз жасалма интеллект же порталыбыз жөн гана «мына суроо-жооп, мына лицензия, иште» деп айтпаса дейбиз. Биз андан ары кетүүнү каалайбыз, жасалма интеллектибиз мониторинг жүргүзүп, бизнес-моделдерди карап турса. Чынында, бул жерде бир эле жасалма интеллект агенти эмес, алардын артында абдан көп. Мисалы, ар бир мамлекеттик орган үчүн, Каржы министрлиги, Эмгек министрлиги жана башкалар үчүн өзүнчө жасалма интеллект агенти жооп берет. Пилоттук долбоордо биз эки ай болууну пландап жатабыз. Бул жерде эки-үч жума өттү. Эгер эки айдын ичинде чоң көйгөйлөр болбосо, система толук режимде иштей баштайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков