Камбоджанын Премьер-министри Хун Манет менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов да жолугушту. Тараптар Казакстандын айыл чарба өнүмдөрүн, атап айтканда дан, эт, өсүмдүк майларын жеткирүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда айыл чарба комплексиндеги биргелешкен долбоорлордун келечегин карап чыгышты. Тараптар Транскаспий эл аралык транспорттук багытын Кытай-Лаос-Вьетнам-Камбоджа коридору менен байланыштыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту. Бул демилге Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азиянын ортосундагы транспорттук байланыштарды кеңейтип, Европа рынокторуна жүк жеткирүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары санариптештирүү, жасалма интеллект, инвестициялар жана туризм да аталды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин тастыкташты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

