Казакстан пайдалуу кендерди издөөгө 40,5 миллиард теңге багыттайт

Казакстан пайдалуу кендерди издөөгө 40,5 миллиард теңге багыттайт

Казакстан быйыл пайдалуу кендердин келечектүү кен орундарын издөөгө 40,5 млрд теңгеден ашык каражат бөлөт. Каражаттын негизги бөлүгү геологиялык изилдөө иштерине, калган бөлүгү сейсмологиялык чалгындоого жумшалат. Жалпысынан жакынкы эки жылда бул максаттарга Өкмөттүн резервинен 110 млрд теңге бөлүнөт. Изилдөө иштери буга чейин башталды. Адистер алтын, жез, полиметалл, сейрек кездешүүчү элементтер, литий, вольфрам жана молибдендин запастары болушу мүмкүн болгон аймактарды деталдуу изилдөө боюнча 20 долбоорду ишке киргизишти. Ошол эле учурда 25 объектте иштер аяктап, аз изилденген чөкмө бассейндерде – Түндүк Торгай жана Шу-Сарысу аймактарында сейсмологиялык чалгындоо боюнча алты долбоор ишке киргизилет. Изилдөөлөр өлкөнүн 2 млн чарчы чакырымдан ашык аймагын камтыйт. Анын алкагында аэрогеофизикалык жана геохимиялык изилдөөлөр, лабораториялык анализдер, жерди аралыктан зонддоо маалыматтарын чечмелөө жана скважиналарды бургулоо иштери жүргүзүлөт.

Руслан Иснязов, КР Өнөр жай жана курулуш министрлигине караштуу Геология комитетинин башкы эксперти:

– Биз жер казынасын кеңири жана деталдуу изилдейбиз. Анын масштабы – 1:50 миң. Бул Казакстандын бүт аймагын камтыган масштабдуу изилдөө болот. Алынган жыйынтыктарды иштеп чыгуу үчүн жасалма интеллекттин куралдары колдонулат. Аталган изилдөө иштери аяктагандан кийин бул тилкелердеги пайдалуу кендердин болжолдуу ресурстары эсептелет. Андан соң алар чалгындоо жана издөө иштерин жүргүзүүгө сунушталат. Ал эми издөө иштеринин жыйынтыгында тилкелердеги пайдалуу кендердин так запасы эсептелет.

Которгон: Назира Бегалиева