Е. Карин диний лидерлер менен жолугушуу өткөрдү

Е. Карин диний лидерлер менен жолугушуу өткөрдү

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин катчылыгынын XXIV жыйынынын алкагында, бүгүн Астанада өтүп жаткан жыйында Казакстандын вице-президенти, катчылыктын башчысы Ерлан Карин ар кандай диндердин өкүлдөрү менен жолугушту. Алар диндер аралык диалогду мындан ары өнүктүрүү, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана съезддин алкагында кызматташууну талкуулашты. Белгилей кетсек, быйыл катчылыктын жыйынына 20 өлкөнүн диний конфессияларынын, эл аралык уюмдардын жана серепчилердин өкүлдөрү катышууда. Катышуучулар мурдагы съездде көтөрүлгөн демилгелерди мындан ары ишке ашырууну жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашууда. Жасалма интеллектти диний чөйрөдө колдонуунун этикалык аспектилерине жана диндердин климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле, айыкпас дартка чалдыккан балдардын укуктарынын хартиясынын презентациясы да пландаштырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков