Казакстандын өкмөтү «Элдик курулуш» деген масштабдуу программанын алкагында 1,5 триллион теңгеге 260тан ашык инфраструктуралык долбоорду жактырды. Тактап айтканда, жолдорду, көпүрөлөрдү жана башка транспорттук объектилерди курууга дээрлик 370 миллиард теңге жумшалат. Дагы 285 миллиардга жакын каражат суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүүгө – суу түтүктөрүнө, дамбаларга жана тосмолорго бөлүнөт. 136 миллиард теңге жылуулук жана газ менен камсыздоо системаларын өнүктүрүү боюнча 67 долбоорду ишке ашырууга каралган. Дагы 270 миллиардга жакын каражат спорт комплекстерин, маданият үйлөрүн жана театрларды курууга, 100 миллиарддан ашыгы – мектептерге жана билим берүү объектилерине жумшалат. Улуттук фонддон 2029-жылдын аягына чейин инфраструктураны модернизациялоого жалпысынан 6,5 триллион теңге бөлүнөт.
Нурлыбек Налибаев, Премьер-Министрдин биринчи орун басары:
– Курулуп жаткан объекттердин сапатын жана коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. Каражаттарды сарптоого коомдук көзөмөлдү камсыздоо үчүн «Элдик курулуш» мамлекеттик комиссиясы түзүлөт, анын курамына тиешелүү мекемелердин жетекчилери, Курултай жана маслихат депутаттары, Элдик кеңештин мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, активисттер, ыктыярчылар жана журналисттер кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

