Казакстандын мектептеринде 10 миңден ашык жаш педагог ишке киришти

Казакстандын мектептеринде 10 миңден ашык жаш педагог ишке киришти

Казакстанда мугалимдик кесипти тандагандар көбөйүүдө. Бул кесип эмгек рыногунда дагы эле суроо-талапка ээ. Бирок, өнүгүү жана санариптик технологиялар бул тармакка чоң таасирин тийгизүүдө. Президент Касым-Жомарт Токаев педагогдордун республикалык август конференциясында билим берүү системасынын биринчи кезектеги милдеттеринин бири катары квалификациясын жогорулатууну жана кадрдык потенциалды өркүндөтүүнү атады. Илим жана жогорку билим берүү министрлиги педагогикалык багыттагы студенттер үчүн шарттар жаңы талаптарга ылайык кайра каралып жатканын белгилейт. Негизги милдет – заманбап талаптарга жооп берген квалификациялуу кадрлар менен мектептерди камсыз кылуу.


Наужан Дидарбекова, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары:


– Жалпысынан алганда, педагогикалык адистиктер боюнча мамлекеттик буйрутманын көлөмү мурунку деңгээлде калат. Бирок, педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатына көңүл буруу пландалууда. Азыркы учурда дал ушул багытта иштер жүрүп жатат. 2026-жылдагы билим берүү гранттарын ыйгаруу конкурсун талдап көрүп, педагогикалык кесипке, педагогикалык адистиктерге болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүп жатканын айтсак болот. Башкача айтканда, бир орунга абдан чоң сынак.


Айыл мектептерин чыңдоого өзгөчө көңүл бурулат. Ал жакка мугалимдерди тартуу үчүн кошумча колдоо чаралары иштеп жатат. Алардын бири – «Диплом менен – айылга» программасы. Ал мугалимдерге турак жай сатып алууга же курууга жөлөк пул жана жеңилдетилген насыя каралган. Ошондой эле, топ-топу менен кабыл алуу – бир мектепке бир эле учурда эки-үч түрдүү адистиктеги мугалимдер жөнөтүлөт. Мындан тышкары, жаш адистердин жаңы жерге көнүүсү үчүн насаатчылык системасы иштейт. Тажрыйбалуу мугалимдер көчүп келгенде жогорку квалификациялык категорияга ээ болушат. Өлкөнүн билим берүү министрлиги белгилегендей, мындай система учурда натыйжа берип жатат. Үстүбүздөгү окуу жылынын алгачкы 15 күнүндө эле бош кызмат орундарынын саны 1100дөн ашык орунга кыскарды.


Зейнеп Махсутова, Билим берүү министрлигинин Орто билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары:


– Ошентип, быйыл, 2026-2027-жылдардан баштап, мектептерде 10 000ден ашык жаш адистер сынактан тандоосуз жумушка алынган. Алардын 2000и «Алтын белги» сыйлыгынын ээси. Мындан тышкары, жогорку квалификациялуу мугалимдерди мугалимдердин жетишсиздиги эң курч болгон башка алыскы аймактарда иштөөгө үндөө үчүн атайын программа кабыл алынган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков