Касым-Жомарт Токаевдин макаласы Германиянын алдыңкы Handelsblatt басылмасында жарыяланды. Анда Президент Казакстан менен Германия 30 жылдан ашуун убакыттан бери стратегиялык өнөктөштүктүн ишенимдүү алкагын түзүшкөнүн белгилейт. Анын негизи максаты – конструктивдүү саясий диалог жана макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруу. Ал эми бүгүнкү күндө Германия өлкө үчүн жөн гана негизги соода өнөктөш жана ири инвестор эмес. Мамлекеттерди эл аралык укукка бекем кармануу жана экономикалык кызыкчылыктардын жалпылыгы бириктирет. Мисалы, өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү 9 миллиард долларга жакындады. Ал эми мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн Президент казак экспортун диверсификациялоо менен байланыштырат. Казакстан Германиянын рыногуна кайра иштетилген өнүмдүн 80ден ашуун түрүн кошумча жеткире алат. Касым-Жомарт Токаев макаласында белгилегендей, Германияга болгон азыркы сапары стратегиялык өнөктөштүктө жаңы баракты ачуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Астана Берлинге транспорт-логистика, санариптештирүү, стратегиялык маанилүү материалдар тармактарында кызматташууну сунуштайт. Республика Европа экономикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон 34 түрдүү чийки заттын 21ин иштеп чыгууда.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биз германиялык өнөктөштөргө жөн гана кепилденген жеткирүүлөрдү эмес, геологиялык чалгындоо жана казып алуудан баштап кайра иштетүү, тетиктерди чыгаруу жана материалдарды кайра колдонууга чейинки толук өндүрүш чынжырларын биргелешип түзүүнү сунуштайбыз. Энергетика биздин мамилелерибизде өзгөчө орунду ээлейт. Казакстан Европага энергетикалык ресурстардын ишенимдүү жана туруктуу жеткирүүчүсү катары өзүн көрсөттү, Евросоюздун мунай импортунун болжол менен 13% жана жаратылыш урандын 20% камсыз кылат. 2025-жылы Германияга жеткирилген мунайдын көлөмү 10 миллион тоннадан ашты. Биз бар болгон транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен бул миссияны мындан ары да жоопкерчиликтүү аткарууга даярбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

