Астанада 2029-жылга чейинки «Digital Qazaqstan» программасын ишке ашыруу планы сунушталды

Астанада 2029-жылга чейинки «Digital Qazaqstan» программасын ишке ашыруу планы сунушталды

Санариптештирүү Казакстанга инвестицияларды тартуунун жаңы багыты болуп калды. Эгер мурда чет элдик капиталдын негизги кызыгуусу мунай жана тоо-кен тармактарына топтолгон болсо, бүгүнкү күндө инвесторлор технологиялык долбоорлорду активдүү карап жатышат. Алардын бири – «Маалымат борборлорунун өрөөнү», ал эсептөө кубаттуулуктарын жайгаштыруу жана жасалма интеллектти өнүктүрүү үчүн база болушу керек. Долбоорго ири эл аралык технологиялык компаниялар тартылган. Профилдик мекеме белгилегендей: мындай демилгелер өлкөгө капиталды гана эмес, алдыңкы технологияларга жана жаңы компетенцияларга жетүүнү да берет. Бул потенциалды 2029-жылга чейин «Digital Qazaqstan» жалпы улуттук масштабдуу санариптештирүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча Өкмөт тарабынан бекитилген иш-аракеттер планы ачышы керек. Ал Өкмөт тарабынан бекитилгенден кийин Астанада сунушталды. Документ үч багытты камтыйт: жарандар, бизнес жана мамлекеттик аппарат үчүн санариптик чечимдер.

Бахтияр Мухаметкалиев, Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү боюнча вице-министри:

– Казакстан egov платформасынын деңгээли боюнча алдыңкы 10 орунга кирди. БУУнун рейтинги боюнча 24-орунда. Тиешелүү түрдө, бул биринчиден, жаңы инвестицияларды алып келет. Биз, ал тургай «Маалымат борборлор өрөөнү» долбоору жөнүндө сөз кылсак, сиз, балким, билесизби? Президент Экибастуз шаарында чоң долбоорлорду ишке киргизди, ал жерде Firebird, NVIDIA компаниялары менен келишимге кол коюлду. Бул компаниялар ишке ашырууга активдүү катышат. Бул биринчи экономикалык өсүш, алар инвестицияларды алып келишет. Экинчиден, бул жаңы технологиялар, ар бир өлкө бул чиптерди сатып алып, орнотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло бербейт. Үчүнчүсү - бул компетенциялар.

Ростислав Коняшкин, Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү боюнча биринчи вице-министри:

– Биз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жасалма интеллектти киргизүү жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча активдүү иштеп жатабыз. Бул бизге калкты тейлөө борборлоруна кайрылуулардын санын кыйла кыскартууга жана азайтууга мүмкүндүк берди. Башкача айтканда, өткөн мезгилде, учурдагы жылдын биринчи жарымын өткөн жылдын биринчи жарымы менен салыштырганда, калкты тейлөө борборлоруна кайрылуулардын саны 30%га азайды. Мунун баары биздин жарандардын кайрылууларынын жалпы трафикинин 79-80%ын түзгөн жана топ-10 мамлекеттик кызматтар боюнча активдүү иштегенибизден улам болуп жатат.

Так көрсөткүчтөрдүн арасында проактивдүү сервистердин эсебинен мамлекеттик кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн эки эсеге кыскартуу, экономиканын негизги тармактарын санариптештирүү жана ата мекендик IT-кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана чечимдеринин экспортун 50% дан кем эмес көбөйтүү бар. Билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 2029-жылга чейин мектеп, колледж  жана ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 80%ы жасалма интеллект менен иштөөнүн негизги көндүмдөрүнө ээ болот.  Ошол эле учурда, кээ бир чечимдер буга чейин эле колдонулуп жатат.

Которгон: Назира Бегалиева