Казакстандын Президенти аскердик реформа боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Казакстандын Президенти аскердик реформа боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Казакстандын Президентинин төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында аскердик реформанын планы кабыл алынды. Касым-Жомарт Токаев эң кыска мөөнөттө заманбап, мобилдүү жана технологиялуу армияны түзүүнүн өзгөчө маанисин баса белгиледи. Аскердик реформанын эң маанилүү аспектиси катары мөөнөттүү кызматтын эки баскычтуу моделине өтүү аталды. Жаңыдан келген жоокерлер алты ай бою окуу борборлорунда даярдыктан өтүп, кийинки алты айда түздөн-түз аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт. Мындан тышкары, аскердик кеңешчилер жана жоокерлердин иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институттарын түзүү пландалууда. Ошондой эле Учкучсуз күчтөр түзүлүп, Куралдуу Күчтөрдүн структурасы өзгөртүлөт. Аскердик реформанын маанилүү элементи болуп жаңы маалыматтык-коммуникациялык стратегияны кабыл алуу, «Мыйзам жана тартип» деген конституциялык принцибинин негизинде тарбиялык иштердин сапатын жогорулатуу саналат. Планды аткаруу боюнча иштерди координациялоо Өкмөткө жана Коопсуздук кеңешине жүктөлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков