Чийки затты казып алуудан жана терең иштетүүдөн жогорку технологиялуу өнүмдөрдү чыгарууга чейин: Казакстан менен Бельгия критикалык маанилүү минералдар тармагында кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйт. Падыша Филипп, Ханыша Матильда жана Премьер-министр Олжас Бектенов казак-бельгиялык тегерек үстөлдө аталган маселелерди талкуулашты. Тараптар гидрометаллургияны өнүктүрүү, өнөр жай калдыктарын кайра иштетүү жана ресурстарды кайра колдонуу боюнча келечектүү долбоорлорду карап чыгышты. Ошондой эле жер казынасын пайдаланууну санариптештирүү жана илим менен өнөр жайдын байланышын бекемдөө маселелерине токтолушту. Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдын логистикасы жана мүмкүнчүлүктөрү маанилүү тема болду. Ардактуу конокторго казакстандык окумуштуулардын иштеп чыгуулары да көрсөтүлдү. Алардын катарында ата мекендик литий жана никелден кызыткычтар үчүн материалдарды алуу технологиялары, сейрек кездешүүчү элементтер боюнча изилдөөлөр, ошондой эле машиналык которуу чөйрөсүндөгү долбоорлор, анын ичинде KAZ-LLM тил модели жана робототехника бар. Тараптар жасалма интеллект чечимдерин иштеп чыгуу жана интеграциялоо биргелешкен изилдөөлөр, өнөр жайлык ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгилешти. Соңунда Падыша Филипп жана Ханыша Матильда Nazarbayev Universityнин Ардактуу коноктор китебине кол коюшту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

