Казакстандын өкмөтү инвестицияларды тартуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгат. Бул мамлекет башчысы тарабынан жаңы инвестициялык циклди баштоо алкагында коюлган милдеттерге шайкеш келет. Премьер-министр Олжас Бектенов мамлекеттик органдарга конкреттүү иш-аракеттер планын даярдоону тапшырды. Инвесторлор бардык этаптарда колдоого алынышы керек: келечектүү багыттарды изилдөөдөн, долбоорлорду ишке киргизүүдөн баштап, кеңейтүү жана экспортко чыгуу этабына чейин. Натыйжада, жол-жоболорду өтүү мөөнөттөрү кыскарып, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү тездетилет. Жекече көңүл, ишкерлердин ишин жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдете турган санариптик куралдарга бурулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

