Казакстан биринчи жолу активдерди башкаруу боюнча мамлекеттик компаниялардын X юбилейлик саммитин жана Эл аралык форумун кабыл алууда. Астанага 19 өлкөнүн мекемелеринин, борбордук банктардын, эл аралык каржы институттарынын, инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү жана тармактык серепчилер чогулушту. Жолугушуунун негизги темасы – каржылык системалардын туруктуулугун жогорулатуу. Премьер-министрдин орун басары – улуттук экономика министри Серик Жумангариндин айтымында, Казакстан IPAFти аймактык каржылык коопсуздукту бекемдөө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизги аянтчалардын бири катары карайт. Ал өлкөдө заманбап санариптик чечимдер киргизилгенин белгиледи. DMAS, DBEX жана e-Qazyna платформалары активдерди натыйжалуу башкарууга жардам берет, ал эми жасалма интеллект технологиялары аларды баалоо, автоматташтырылган скоринг жана каржылык тобокелдиктерди талдоо үчүн колдонулат.
Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары – улуттук экономика министри:
– Активдердеги көйгөйлөрдөн улам келип чыккан жүгүн азайтуу, түздөн-түз бизнести насыялоону стимулдаштырат. 2026-жылдын биринчи айларында корпоративдик секторго берилген жаңы насыялардын көлөмү 14,8% өсүп, 8,9 трлн теңгеге жетти, ал эми бизнести насыялоонун жалпы портфели 19 трлн теңгеден ашты. Айрыкча кайра иштетүүчү өнөр жайда жана металлургия тармагында олуттуу өсүш байкалууда: бугу айында гана насыялоонун көлөмү 14,9% көбөйдү.
Казакстан экономиканын реалдуу секторуна көйгөйлүү активдерден каражатты кайтарып жатат. Бул үчүн өлкө мамилесин өзгөртүүдө. Эми негизги басым тобокелдиктердин кесепеттерин жоюуга эмес, аларды эрте алдын алууга багытталат. Бул банктардын баланстарын жакшыртууга жана капиталды бошотууга мүмкүндүк берет. Каражаттар өндүрүштү, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталат. Эл аралык каржы эксперттери бул ыкманы натыйжалуу деп эсептеп, казакстандык ыкманы өздөрүнүн өлкөлөрүндө колдонууну көздөшүүдө.
Пегги Танг, Малайзиянын Депозиттерди камсыздандыруу корпорациясынын адиси:
– Казакстанга кесиптештердин тажрыйбасын үйрөнүү, активдерди башкаруучу компаниялар менен тыгыз кызматташтыкты жолго коюу жана мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүү максатында келдик. Алган билимибизди өз өлкөбүздө бул рынокту мындан ары өнүктүрүү үчүн колдонууну пландап жатабыз.
Которгон: Назира Бегалиева

