«Бейнеу – Саксаульск» транс-континенталдык магистралынын
курулушу Азия менен Европанын ортосундагы негизги транзиттик көпүрө катары
Казакстандын ролун күчөтөт. Бул тууралуу эл аралык мамилелер жана экономикалык
саясат боюнча эксперт Ерик Батырханов билдирди. Эске салсак, жол курулушуна
дүйшөмбү күнү Президент Касым-Жомарт Токаев старт берген. Саясат таануучунун
пикири боюнча, жаңы трасса Хоргос жана Достук чек ара өткөөлдөрүн Актау жана
Курык деңиз порттору менен байланыштырган түз кургактык коридорун түзөт. Ошол
эле учурда, жаңы транспорттук маршруттун натыйжалуулугу жолдун сапатына гана
эмес, бажыдан өткөрүү ылдамдыгына жана өлкөлөр ортосундагы келишимдердин
шайкештигине да көз каранды. Анын пикиринде, транспорттук инфраструктураны
өнүктүрүү өлкөбүздүн көп вектордуу саясатына дал келет.
Ерик
Батырханов, эл аралык мамилелер жана
экономикалык саясат боюнча көз карандысыз талдоочу:
– Автомобиль жана темир жол инфраструктурасынан
тышкары, мыйзамдык базаны жана санариптештирүүнү да өнүктүрүү керек. Казакстан
бул багытта жылып жатат. Бул бажы жол-жоболору, бажы декларациялары, алардын
канчалык тез таризделиши, биздин стандарттар өлкөлөр арасында канчалык
таанылышы. Анткени бул тармак жөн гана өнүгүп жаткан жок, ошондой эле ар кайсы
өлкөлөр өздөрүнүн өзгөчөлүктөрү менен кошулуп жатышат.
Которгон:Назира
Бегалиева

