Казакстанда Абайдын туулган күнү кеңири
белгиленип жатат. Улуу акын жана ойчулдун туулган күнүнүн 181 жылдыгына карата
өлкөдө 350дөн ашуун иш-чара өтөт. Булар лекциялар, көргөзмөлөр,
театрлаштырылган оюн-зооктор, поэзия кечелери, концерттер. Ал эми Астанада
жазуучулар, коомдук ишмерлер жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү Абайдын
эстелигине гүл коюшту. Катышуучулар ойчулдун мурасы казак маданиятынын жана
руханий баалуулуктарынын маанилүү бөлүгү бойдон калаарын айтышты. Белгилей
кетсек, майрамдык программа эл аралык деңгээлге да чыгат. Чет өлкөлөрдөгү
маданий борборлордо Абайдын гуманисттик идеяларын азыркы дүйнөдө жайылтуу
маселеси талкууланат.
Мереке Кулкенов, Казакстан Жазуучулар союзунун
башкармалыгынын төрагасы:
- Абай күнү – өлкөбүз үчүн эң маанилүү майрамдардын бири. Абай казак элинин рухун чагылдырат. Анын чыгармаларын, ырларын жана «Насаат сөздөрүн» ар бир адам билиши керек. Анын бай агартуучулук мурасы бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу бойдон калууда жана келечек муундар үчүн чоң мааниге ээ.
Которгон: Назира Бегалиева

