Түркестан облусунда агродрон операторлорун даярдай башташат

Түркестан облусунда агродрон операторлорун даярдай башташат

Жаңы окуу жылынан баштап Түркестан облусунун Сарыагаш районунун жогорку агрардык-техникалык колледжинде авиациялык системаларды аралыктан башкаруу боюнча адистер окутула баштайт. Бүтүрүүчүлөр агродрондор менен иштөөнү үйрөнүп, атайын укуктарга ээ болушат. Окутуулар аймакта учуучу аппараттарды өндүргөн кытайлык компания менен макулдашуунун негизинде башталат. Бул максатта 100 грант бөлүнгөн. Колледж керектүү жабдууларды сатып алышкан, ал эми мугалимдер Кытайда такшалмадан өтүшкөн. Окуу жайда ошондой эле адистештирилген кабинет орнотулат. Ошондой эле бул жерде дрондорду VR көз айнеги аркылуу башкаруу программасы иштелип чыгат. Келечекте технологияны айыл чарба жерлерин иштетүүдө жана жаныбарларга жардам көрсөтүүдө колдонуу пландаштырылууда.


Темирлан Сизов, студент:


– Мисалы, азыр биз VR көз айнектери менен учкучсуз учакты башкарууну үйрөнүп жатабыз жана аны учурууга да  аракет кылуудабыз.  Бул үчүн атайын программа иштеп жатабыз. Биз көз айнектерди кийип, окуяны дрондун көз карашы менен көрөбүз. Бул технологияны мал чарбасында да колдонсо болот. Мисалы, жаныбарлар менен иштөө тажрыйбасы жок адам VR көз айнегин кийип, керектүү көндүмдөрдү ала алат. Ал жаныбарды көзөмөлдөп, зарыл болсо, жардам бере алат.

Которгон: Назира Бегалиева