Казакстан энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөдө

Казакстан энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөдө

Казакстан улуттук энергия тутумун бекемдөөдө. Электр энергетикасын өнүктүрүүнүн негизги долбоорлорун Премьер-министр Олжас Бектенов KEGOC жана «Самрук-Энерго» жетекчилиги менен болгон жыйында талкуулады. Негизги долбоорлордун катарында Казакстандын Бирдиктүү энергетикалык тутумунун түштүк аймагындагы электр тармактарын бекемдөө. Бул Алматы – Жамбыл – Шымкент багытындагы электр энергиясын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн 440 мегаваттка жогорулатат. Долбоорду 2027-жылдын теке айында аяктоо пландалууда. Дагы бир масштабдуу долбоор Батыш Казакстандын энергетикалык тутумун өлкөнүн бирдиктүү тармагына бириктирүүнү камтыйт. Тармакты санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жасалма интеллектти жана санариптик чечимдерди колдонуу жылына 5,5 миллиард теңге экономикалык натыйжа берет. Электростанциялардын ишин автоматтык жөнгө салуу дагы 4 миллиардга жакын киреше алып келет. Ишке киргизилген AI-KEGOC интеллектуалдык платформасы электр энергиясын өндүрүүнү жана керектөөнү бир сутка алдын ала болжолдойт. Ал эми санариптик мониторинг системалары жаңы объектилерди курбастан эле «Түндүк – Түштүк» энергетикалык көпүрөсүнүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн 250 мегаваттка жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Наби Айтжанов, KEGOC Акционердик коомунун башкарма төрагасы:

–  Жасалма интеллектти колдонуу энергия балансын болжолдоо тактыгын 98% чейин жогорулатууга мүмкүндүк берди, анын ичинде жашыл энергия булактарын өндүрүүнү эске алуу менен. Мындан тышкары, автоматташтыруунун аркасында тазалыкты көзөмөлдөө системаларынын жооп берүү убактысы 30 мүнөттөн 1 секундага чейин кыскарды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков