Астанада Борбордук Азия жана Италия бизнеси үчүн платформа ишке кирди

Астанада Борбордук Азия жана Италия бизнеси үчүн платформа ишке кирди

Казакстан менен Италия бизнес кызматташтыгын кеңейтүүдө. Астанада B5+ITALY жаңы бизнес платформасы ишке киргизилди. Ал Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Италиянын компанияларын бириктирет. Негизги багыттардын катарында казак товарларынын жеткирилишин көбөйтүү, биргелешкен өндүрүштөрдү ишке киргизүү, логистиканы жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүү бар. Белгилей кетсек, эки өлкө бизнес өз ара аракеттенүүнү жигердүү бекемдеп жатышат. Ошентип, Италия Казакстандын ири соода өнөктөштөрүнүн арасында үчүнчү орунду ээлейт. Өткөн жылы товар жүгүртүү дээрлик 17 миллиард долларга жетти, ал эми 2026-жылдын алты айында 8 миллиарддан ашты. B5+ITALY түз байланыштарды көбөйтүүгө жана соода менен биргелешкен долбоорлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жардам берет.


Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:


– Маанилүү этап – бул чийки зат эмес экспорттун өсүшү, жогорку кошумча нарктуу өнүмдөрдүн үлүшүнүн көбөйүшү. Биз экспортту Италияда гана эмес, бүткүл Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн рыногунда да көбөйтүү үчүн олуттуу дарамети бар 100дөй товардык позицияны аныктадык.


Которгон: Илгиз Жамалбеков