Астанада эл аралык транспорт жана логистика көргөзмөсү өтүүдө

Астанада эл аралык транспорт жана логистика көргөзмөсү өтүүдө

Казакстан Актау портунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырууда. Анын кубаттуулугу жылына 240 миң контейнерге чейин көбөйөт. Азыркы учурда бул көрсөткүч 180 миңди түзөт. Бул үчүн порттун инфраструктурасы модернизацияланып, жаңы контейнердик хабдар курулуп, жаңы терминалдарды куруу долбоорлору каралууда. Каспий аркылуу жүк ташуу үчүн 8 кемеге буюртма берилген. Алардын 4ү Бакуда, калгандары Кытайда курулуп жатат. Бул тууралуу Астанадагы эл аралык көргөзмөдө транспорттун вице-министри Жанибек Тайжанов билдирди. Катышуучулардын көңүл борборунда Борбордук Азиянын логистикалык дараметин өнүктүрүү жана Ортоңку коридордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу турат. Белгилей кетсек, быйылкы көргөзмө дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 230 компанияны, алардын жарымынан көбүн чет элдик компанияларды бириктирди. Катышуучулар транспорт жана логистика тармагындагы заманбап технологияларды жана чечимдерди сунушташты.

Жанибек Тайжанов, Казакстан Республикасынын Транспорт министринин орун басары:

– Казакстанда транспорттук-логистикалык жеткирүүлөр активдүү өнүгүп жатат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча транзиттик ташуулардын көлөмү 39 миллион тоннага жакын болду. Ал эми 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 67 миллион тоннага жеткирүү пландалууда. Азыркы учурда темир жолдор курулуп жатат. Акыркы беш жылда биз 5 миң чакырымга  жакын жаңы темир жол курдук. Кийинки үч жылда да 2,5 миң чакырымга  жакын жаңы жолдорду куруу пландалууда.

Мирзиёд Мирхамидов, «Узтемирйулконтейнер» акционердик коомунун башкаруу төрагасы:

– Орточо эсеп менен, сезонго жараша, Өзбекстандан айына 10-20 контейнердик поезд жөнөтүлөт. Бул экспорттук өнүм. Кытайдан Өзбекстанга жөнөтүүлөр айына 30 контейнердик поездден башталат, андан ары көбөйөт. Ал эми Өзбекстандан Казакстанга, ошондой эле Казакстандан да көп вагондук жөнөтүүлөр бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков