Казакстан менен Кытай «жашыл» пайдалуу кендер тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Казакстан менен Кытай «жашыл» пайдалуу кендер тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытай «жашыл» кендерди казып алууда күчтөрдү бириктирүүнү көздөөдө. Мындай кызматташтык үчүн альянс түзүү сунушу Астанада өткөн түстүү металлургияны туруктуу өнүктүрүү боюнча казак-кытай форумунда айтылды. Ага катышуу үчүн Кытайдан 3000ден ашык өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү келишкен. Алар казакстандык кесиптештери менен бирге тоо-кен жана металлургия долбоорлорун ишке киргизүү, инвестициялык демилгелерди талкуулап, B2B сүйлөшүүлөрүн жүргүзүштү. Форумда Казакстандын бай минералдык-ресурстук базасы жана Кытайдын технологиялык дарамети өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары баса белгиленди.


Цзя Минсин, түстүү металлургия ассоциациясынын башкарма төрагасынын орун басары, Кытай:


– 2005-жылы Казакстанга биринчи жолу бардым. Ошондон бери биз сиздердин өлкө менен түстүү металлургияны өнүктүрүүгө абдан кызыкдарбыз, анткени Казакстан Борбордук Азияда жездин, цинктин, алюминийдин эң ири кенине ээ жана биз өз кезегинде бул металлдарды тереңдетип иштетүү үчүн алдыңкы технологияларды жана жабдууларды сунуштай алабыз.


Казакстандын 50гө жакын тоо-металлургиялык ишканаларын модернизациялоого 500 миллион доллардан ашык каражат каралууда. Бул үчүн атайын инвестициялык арыздар берилген. Баалуу металл өндүрүүчүлөр ассоциациясы буга чейин тармакта бир нече ири долбоорлорду ишке ашырып жатканын баса белгилейт.


Канат Баитов, баалуу металлдарды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын аткаруучу мүдүрү:


–  Чоң келишим - дүйнөдөгү үчүнчү ири компания RG Gold жана алар көп иштерди жасап жатышат. Алар инвестициялык долбоорду ишке ашырып, жаңы завод куруп, өндүрүштү көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзүшөт. Мындан тышкары, учурда геологиялык чалгындоо жана өндүрүшкө кирген көптөгөн компаниялар бар. Биздин казакстандык компаниялар аларга стратегиялык өнөктөш таап, жаңы  майда кендерди иштетүүгө киришүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков