Астананын
экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири өнөр жай бойдон калууда.
Ушул жылдын алгачкы алты айында Астананын ишканалары 2,2 триллион теңгеден ашык
өнүм өндүрүшкөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси дээрлик 112% жетти. Өндүрүш жалпы
көлөмдүн болжол менен 95% түзөт. Атайын экономикалык зоналар, жергиликтүү жана
чет элдик инвесторлордун катышуусундагы долбоорлор ишке ашырылып жаткан №1 өнөр
жай паркы тармактын өнүгүшүнө салым кошууда. Алардын бири - модулдук агынды
сууларды тазалоо жана сордуруу системаларын чыгаруучу завод. Завод учурда
пилоттук режимде иштеп, толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгууга даярданып жатат.
Заводдо жасалма интеллект элементтери ишке ашырылууда. Санариптик алгоритмдер
тазалоочу жайларды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө, мүмкүн болгон
бузулууларды тез аныктоого, алардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк
берет.
Андрей
Беляев, агынды сууларды тазалоочу курулманын башкы мүдүрү:
– Биз агынды сууларды тазалоочу жайларды автоматташтыруу жана көзөмөлдөө тутумубузду толугу менен жасалма интеллектке айландырып жатабыз. Бул тазалоочу жайды тейлөөгө жана көзөмөлдөөгө жардам берет, анткени биздин жабдууларды тейлөө бир топ татаал. Бул жабдуулардын иштешин көзөмөлдөөгө жана жөнгө салууга шарт түзөт.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

