Казакстан 2033-жылга чейин жапайы жаратылышка кеминде 10 жолборс кое берүүнү пландоодо

Казакстан 2033-жылга чейин жапайы жаратылышка кеминде 10 жолборс кое берүүнү пландоодо

Амур аттуу жолборс «Иле-Балкаш» жаратылыш коругуна жиберилди. Ал Казакстанда бул жаныбардын түрүн кайрадан жергиликтүү кылуу программасынын алкагында жапайы жаратылышка чыгарылган экинчи жаныбар. Буга чейин Үмүт аттуу ургаачы жолборс жаратылыш чөйрөсүнө жиберилген. Адистер анын тарыхый мекенине тез көнүп кеткенин айтышты. Жаратылышка жиберилгенге чейин алар ветеринардык текшерүүлөрдөн жана жүрүм-турум сыноолорунан өтүшкөн. Эске сала кетсек, былтыр макулдашуунун алкагында Орусия тарап төрт Амур жолборсун берген. Ал эми калган эки жолборс келерки жылдын жазында өткөрүлүп берилет. Жалпысынан Казакстанда 2033-жылга чейин кеминде 10 жолборсту жапайы жаратылышка коё берүү пландалууда.

Алибек Куантыров, Экология жана жаратылыш ресурстары министри:

– Эки жолборстун жаратылышка жиберилиши көп жылдык иштин алгачкы натыйжасы. Азыркы милдетибиз - жаныбарларга ырааттуу мониторинг жүргүзүү, алардын жаратылыштагы чөйрөсүн сактоо жана азык базасын калыбына келтирүү планын улантуу. Биздин түпкү максатыбыз - Иле дарыясынын жана Түштүк Балкаш аймагында жаратылышта өз алдынча көбөйө ала турган туруктуу жолборс популяциясын түзүү. Биз бул ишти адистердин сунуштарына таянып, этап-этабы менен улантабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков