Астанада өткөн IT жана коргонуу компанияларынын
консорциумунун эл аралык жыйынында дрондорду колдонуу менен Каспий деңизине
мониторинг жүргүзүү үчүн санариптик AI
чечимдери, мамлекеттик чек араларды коргоо технологиялары жана стратегиялык
маанилүү объекттерге мониторинг жүргүзүү негизги темалардын бири болду. Жыйынга
ошондой эле мамлекеттик органдардын, квазимамлекеттик сектордун, облустук
акимчиликтердин, коргонуу ишканаларынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын
айтымында, Казакстан атамекендик жабдууларды өндүрүүнү жолго коюуну көздөп
жатат. Жакынкы үч жылдын ичинде локалдаштыруу 85%га жетиши күтүлүүдө. Ошол эле
учурда ата мекендик адистер заманбап санариптик технологиялар менен иштөөгө
үйрөтүлөт.
Ержан
Калматаев, эл аралык
консорциумдун өнөктөш компаниясынын өкүлү:
– Бул аймакта колдонулган ар кандай
сенсорлор кирет. Албетте,
мунун баары жасалма интеллект тарабынан талданат. Программа, айталы, климаттын
өзгөрүшү же суу бөлгүчтөрүнүн өзгөрүшү үчүн түзүлүшү мүмкүн. Маалымат борборго
берилип, андан ары иштетилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

