ШКУ саммити-2026: Серепчилер окуянын маанилүүлүгүн баса белгилешет

ШКУ саммити-2026: Серепчилер окуянын маанилүүлүгүн баса белгилешет

Казакстан Шанхай кызматташтык уюмунун өнүгүшүндө жана анын келечектеги күн тартибин түзүүдө маанилүү роль ойнойт. Мындай пикирин CGTN баяндамачысы Хан Сюйлин билдирди. Ал өлкө 2023–2024-жылдары ШКУга төрагалык кылган мезгилде кызматташтыктын негизги багыттары боюнча 150дөн ашуун иш-чара өткөргөнүн, ошондой эле Беларустун уюмга кошулушуна көмөктөшкөнүн эске салды. Астана коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча төрт борбордун түзүлүшүн колдоп, ШКУ Өнүгүү банкын түзүүнү илгерилеткен жана суу маселелерин талдоо борборун түзүүнү сунуштаган. Хан Сюйлиндин пикири боюнча, азыр Тяньцзинь саммитинин макулдашууларын практикалык ишке ашыруу өзгөчө мааниге ээ. Учурдагы шарттарда ШКУдан регионалдык коопсуздукка, экономикалык өнүгүүгө жана глобалдык башкаруу механизмдерин өркүндөтүүгө көрүнүктүү салым кошуу күтүлүүдө. Ушул контекстте Бишкектеги ШКУ саммити уюмдун келечектеги артыкчылыктарын жана конкреттүү кадамдарын аныктоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

 Хань Сюйлин, CGTN баяндамачысы:

– Бишкектеги ШКУ саммити ШКУнун 25 жылдык жолун жыйынтыктап гана тим болбостон, жаңы чейрек кылымга да баштапкы чекит болот. Эл аралык коомчулук ШКУ «Шанхай рухуна» жараша, регионго да, бүткүл дүйнөгө да туруктуулукту жана аныктуулукту уланта берет деп күтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков