Жакынкы үч жылда
Казакстандын экономикасы жылына орточо 5%д ашык өсөт. Өкмөттө
2027–2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү
боюнча долбоор тааныштырылды. Бул мезгилде өлкө экономикасынын көлөмү 2027-жылы
дээрлик 200 триллион теңгеден 2029-жылы 245 триллион теңгеге чейин көбөйүшү
күтүлүүдө. Негизги өсүштү мунайга тиешеси жок тармактар камсыз кылат. Өндүрүш
өнөр жайы жыл сайын орточо 6% жакын өсөт деп болжолдонууда. Ошондой эле
металлургия, унаа куруу, химия жана тамак-аш өнөр жайларында, курулуш
материалдарын өндүрүүдө жана башка тармактарда да оң динамика күтүлүүдө.
Серик Жумангарин,
Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Улуттук экономика
министри:
– Айыл
чарбасы да экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп, анын
орточо жылдык өсүшү кеминде 5% түзөт деп күтүлүүдө. Курулуш
тармагында өсүү темпи 2027-жылдагы 16% 2029-жылы 17,3% чейин жогорулайт деп болжолдонууда.
Буга транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана суу инфраструктурасын мындан
ары өнүктүрүү, ошондой эле турак жай-коммуналдык жана социалдык
инфраструктураны модернизациялоо боюнча долбоорлордун ырааттуу ишке ашырылышы
өбөлгө түзөт.
Өкмөттө алдыдагы
үч жылга республикалык бюджеттин чыгашалары да аныкталды. 2027-жылы анын көлөмү
30 триллион теңгеден ашат. 2026-жылга карата пландалган көрсөткүчкө
салыштырмалуу чыгашалар 2,5 триллион теңгеге көбөйөт. Каражаттын
эң чоң бөлүгү социалдык тармакка багытталат - бардык чыгашалардын дээрлик 35%.
Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө 3,8 триллион теңге каралган. Бул
каражаттардын бир бөлүгү ири инфраструктуралык долбоорлорду улантууга жумшалат.
Мади Такиев,
Казакстан Республикасынын Финансы министри:
– Бюджетти
түзүүдөгү негизги өзгөчөлүк - чыгашаларды жөн гана көбөйтүү эмес, бюджеттик
каражаттардын ар бир теңгесинин кайтарымын жогорулатуу болду. Каражаттар
биринчи кезекте мамлекеттик милдеттенмелерди аткарууга, экономиканы, аймактарды
жана адам капиталын өнүктүрүүгө багытталат. Административдик
мамлекеттик органдарды каржылоого чыгымдарды түзүүдө натыйжалуулук жана
эффективдүүлүк принциптери сакталды. Ошондой эле негизсиз административдик
чыгымдарды көбөйтүүгө жол бербөө жана республикалык бюджеттин тең
салмактуулугун сактоо эске алынды.
Которгон: Назира Бегалиева

