Кытайдын Шанхай шаарында өткөн Дүйнөлүк жасалма интеллект конференциясында мамлекет башчынын сөзү көптөгөн кытайлык ЖМКлардын башкы темасына айланды. Касым-Жомарт Токаев Кытайдын ири технологиялык компанияларынын жетекчилеринин алдында кытай тилинде сүйлөдү. Президент өз сөзүндө өлкө санариптик технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн жогорку дараметке ээ экендигин, ал эми жасалма интеллект Казакстан менен Кытайдын кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири болуп калгандыгын баса белгиледи. Кытайлык аналитиктер жасалма интеллекти киргизүү мунай жана газ, тоо-кен казып алуу жана каржы тармактарынын натыйжалуулугун жогорулатат, ошондой эле экономиканын санариптик трансформациясын тездетет деп эсептешет. Адистер өлкөлөрдүн мындан аркы өнөктөштүгүнүн негизги фактору катары Астана менен Бээжиндин ортосундагы жогорку деңгээлдеги ишенимди аташат, бул жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга да мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Пань Давэй, Шанхай коомдук илимдер академиясынын Орус жана Борбордук Азия изилдөө борборунун мүдүрү:
– Биздин мамилелер дипломатиялык мамилелерди орнотуудан баштап, туруктуу, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чейин өнүктү. Бул өнөктөштүк беш жылдан он жылга чейин гана эмес, эки өлкөнүн ортосундагы муундан муунга өтүп келе жатат.
Адистер баса белгилешкендей, акыркы төрт жылда Казакстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсү эки эсеге өстү. Өлкөлөрдүн кызматташтыгы жогорку технологиялар, санариптештирүү жана өндүрүштү локалдаштыруу багыттарында барган сайын жигердүү өнүгүп жатат. Аналитиктердин баамында, дал ушул багыттар эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөнүн негизи болот.
Ерсултан Жансеитов, саясат таануучу:
– Токаев
мырза, кытай тилин, кытай маданиятын терең жана жакшы түшүнгөн адам катары,
кытай саясий жетекчилигинде өзүнө жакын адамдай сезилет десек болот. Бул
тарыхта Кытай менен болгон ар кандай мамлекеттердин мамилелеринде чоң роль
ойногон жана бүгүнкү күндө да ойноп келет. Жогорку деңгээлдеги гуманитардык өз ара мамилелер,
башка нерселер менен катар, Казакстан үчүн да артыкчылык болуп саналат десек
болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

