Казакстандагы Курултай
депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана добуш берүү өнөктүгүнө эл аралык
уюмдардан жана чет мамлекеттерден келген 250дөн ашуун өкүл байкоо жүргүзөт. Казакстандын
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун алдында дагы 155 эл аралык байкоочуну
аккредитациялады. Алар тогуз чет мамлекеттин жана төрт эл аралык уюмдун
өкүлдөрү. Алардын катарында ЕККУнун жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеяларынын,
ошондой эле КМШнын Байкоочулар миссиясынын жана Парламенттер аралык
ассамблеясынын өкүлдөрү бар. Мындан тышкары, Орусия, Азербайжан, Армения,
Иордания, Кыргызстан, Молдова, Мьянма, Румыния жана Украинанын өкүлдөрү да
аккредитациядан өтүштү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык,
аккредитация боюнча сунуштар келип түшкөн сайын байкоочулардын тизмеси
жаңыланып турат.
Мухтар Ерман, Борбордук
шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары:
– Мисалы, учурда миссиялардын
курамында жалпысынан 74 депутат бар. Алар 29 өлкөдөн келип, шайлоого байкоо
жүргүзүүгө катышат. Алардын катарында Австрия, Албания, Азербайжан, Беларусь,
Бельгия, Босния жана Герцеговина, Германия, Испания, Италия, Кыргызстан,
Латвия, Люксембург, Венгрия жана Нидерланд сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү бар.
Которгон: Назира Бегалиева

